17:42, 11 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Коопсуздук кеңеши Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын Малайзия элчилигиндеги жемкорлук боюнча маалыматын текшерип бүттү.
Кеңештин чечимине ылайык, ТИМ кадрларды тандоодо жана жайгаштырууда олуттуу кемчиликтери кетирген. Андан тышкары, дипломатиялык кызматкерлер тарабынан кетирилген мыйзам бузууларына жетишээрлик обьективдүү реакция жасабаган.
Ал эми Кылычбек Султандын Малайзиядагы жана Корея Республикасындагы дипломатиялык миссияны жетектеп турган мезгилдеги кемчиликтери жана бузуулары аныкталды.
«Малайзиядагы элчилигинде өндүрүштүк практика өтүү үчүн Кыргызстандын жарандарын ТИМ макулдугу жок кабыл алышы жашыруундуулук режимин бузуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси кызматынан бошотулгандан кийин анын үй-бүлө мүчөлөрү Малайзиянын ТИМине 2019-жылдын февралына чейин жарактуу болгон «аккредитациялык карточкасын» өткөрүп бербеген эмес. 2018-жылдын февраль айында Кылычбек Султан «Фейсбук» социалдык тармагындагы жеке баракчасында жана дагы бир веб-сайтта Тышкы иштер министрлиги менен Элчиликтин кат жазышуусун жайгаштырып, фотокөчүрмөсүн кошо тиркеген. Мунун өзү мамлекеттик кызматтагы расмий документтер менен иштөөдөгү иш ченемдерин бузуу жана жол бергис иш болуп саналат», — дейт жазылган Коопсуздук кеңештин чечиминде.
Маалыматта, Кылычбек Султан резиденцияда жашабай, узак убакыт мейманканага жайгашкан. Анүстүнө ТИМге айтпай Кореядан Малайзияга жеке иштери менен каттаган.
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет элдеги мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакытка чет мамлекетте иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайыздык ченеминдеги акчалай каражат айлыгына кошумча төлөнөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кылычбек Султандын жубайынын Кореяда элчи менен чогуу жашагандыгын тастыктоочу документтер алынган эмес. Буга карабастан 2018-жылы элчинин жубайын кармоосу үчүн 6,5 миң доллардан ашык өлчөмдөгү каражатты негизсиз төлөп берген«, — дейт Коопсуздук кеңеши.
Мындан тышкары КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча К. Султан мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда «Супер», «Супер кроссворддор», «Супер сканворддор» гезиттери чарбалык субьектилеринин жетекчиси болгон.
Коопсуздук кеңештин чечими башкы прокуратурага жөнөтүлдү.