Кыргызстандыктар ноябрь айында катары менен беш күн эс алышат

14:27, 11 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандыктар ноябрь айында катары менен беш күн эс алышат. Бул тууралуу маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү министринен ырасташты.

Мекеменин маалыматында, 7-ноябрдан 11ине чейин эс алуу болот. Анткен менен 3үнчү жана 9-ноябрь, ишемби күндөрү жумуш күнү деп жарыяланат.

Эскерте кетсек, 7-8-ноябрды 2017-жылы Жогорку Кеңеш Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилеген.