21:33
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ош жана Бишкек шаарынын мэрине талапкер «Кыргызтесттен» сынак тапшырат

Долбоордо талапкерлер милдеттүү түрдү «Кыргызтесттен» өтүп, «ортодон жогору» деңгээлди көрсөтүшү керек. Талапкер катталууда мамлекеттик тил билүүсү боюнча күбөлүктү алып келиши керек.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кыргыз тилинен берген сынагы көпчүлүктүк купулуна толгон эмес. Ал оозеки жана жазуу түрүндө сынак тапшырган. Азиз Суракматов кетирген грамматикалык каталарга карабай тил комиссиясы ага жакшы баа беришкен. Андан кийин жарандык активист Канышай Мамыркулова БШК кайрылып, Азиз Суракматовдун «Кыргызтестти» тапшыруусун талап кылган. Боршайком мэрге тесттен өтүүнү сунуштаган.

Канышай Мамыркулова, апта башында БШК, өкмөт жана тил комиссиясын Бишкектин райондор аралык сотуна берди. Ал мамлекеттик кызмат жетекчилеринин тил билүү деңгээлин аныктоо боюнча өкмөттүн токтому аткарылбай жатканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар