Жергиликтүү кеңеште аялдарга орун бөлүп берүү сунушталууда

18:00, 10 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Жергиликтүү кеңеште аялдарга орун бөлүп берүү сунушталууда. «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо» тууралуу мыйзамга өзгөртүү Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.

Мыйзам долбоордо жергиликтүү кеңештердеги орундардын 30 пайызын аялдарга берүү каралган.

Маалыматтык түшүндүрмөдө, акыркы жылдары аймактарда депутаттыкка ат салышкан аялдардын саны азайыр бара жатканы айтылат. Жергиликтүү кеңештерде аялдардын пайызы 24төн 11 пайызга азайган.