Кыргызстан тышкы карыздагы акчаны өздөштүрбөгөнү үчүн дагы комиссия төлөөдө

15:06, 10 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан тышкы карыздагы акчаны өздөштүрбөгөнү үчүн дагы комиссия төлөөдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги комитетинин жыйынында эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын «Эксимбанккына» 4 миллион 622 миң доллар комиссия төлөндү.

«Акча жок, акча жок деп жатабыз, бирок биз акча каражатты өздөштүрбөгөнүбүз үчүн үстөк пайыздын үстүнө кошуп да кайра комиссия төлөп жатабыз», — деди Марипов.

Мындан тышкары ал Кара-Балтадагы таза суу долбоору боюнча тиешелүү адамдардын шалаакылыгынан 50 миң евро бюджеттен кошумча төлөнгөнүн айтты.