Кыргыз-кытай чегинде жер титирөө катталды

12:40, 10 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Маалыматка караганда, зилзаланын очогунда күчү 4,5 баллга жетти.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 баллга, Көк-Суу айылында 3,5 баллга жана Кара-Киндик айылында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.