Казак ишкердери кыргыз-казак чек арасындагы талаш аймактарда кен казып алууда. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында айтылды.
Депутат Марлен Маматалиевдин билдирүүсүндө, Казакстандын инвесторлор талаш аймактарда ишмердигин жүргүзүүдө. Эл өкүлү чек араны аныктоо иштерин тездетүүгө чакырды.
Депутат Умбеталы Кыдыралиевдин айтымында, коңшулар өздөрүнүн тосмолорун коюп, Кыргызстандын аймагына кирип келишүүдө.
Чек ара кызматынын маалыматында, Казакстан менен делимитация аяктап, демаркациялоо иши жакында башталат. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.