Суроо-жооп. Жесир белгилүү мөөнөт өткөнчө турмуш кура албайт

14:50, 09 октября 2018, Бишкек - 24.kg

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Идда деген эмне?

Жооп: Бул жесирдин аза күтүү мезгили десек болот. Күйөөсү өлгөндөн кийин аялына бир нече убакытка чейин турмушка чыгууга уруксат жок. Идда — аялдын боюнда бары жогун аныктоо жана түйүлдүктүк атасын аныктоо үчүн берилет. Андыктан идда мөөнөтү төрт ай он күн. Боюнда болсо, анда төрөгөнгө чейин жесир турмушка чыга албайт.