Ош шаарында барак тибиндеги үй күйдү. Бул боюнча ӨКМ билдирди.
9-октябрда таң эрте, саат 5:40 чамасында Ош шаарындагы Алымбеков көчөсү № 5 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрт өчүрүүчү төрт бөлүм тартылып, 06:17де тилсиз жоо ооздукталат.
Өрттүн себеби такталууда. Азырынча чыгымдар боюнча дагы маалымат жок.