05:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Токмок шаардык кеңештин депутатына эл аралык издөө жарыяланды

Токмок шаарынын кеңешинин депутаты Тынай Жансейитовго эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу 24.kg Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, КСДП партиясынын депутаты Тынай Жансейитов август айында мал базарда айылдашы Талант Жамангуловго бычак сайган.

Депутатка «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен айып тагылып, камоого алуу чечими чыгарылган.
Тынай Жансейиттовдун өлкөдөн чыгып кеткендиги айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар