Ысык-Көл облусунда казак түрмөсүнөн качып кеткен кооптуу кылмышкер кармалды

17:55, 05 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда казак түрмөсүнөн качып кеткен кооптуу кылмышкер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан изделип жаткан өзгөчө кооптуу кылмыштуу топтун башчысы кармалды.

5-октябрга караган түнү  Каракол шаарынын аймагында таластык Жылдызбек Бекмурзаев аттуу 32 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Буга чейин ал каракчылык, зордуктоо, уурдоо боюнча соттолуп чыккан. Ал качып жүрүп издөөгө алынган болчу.