14:20, 05 октября 2018, Бишкек - 24.kg , Элеонора Кыдырова
Бишкектин борборунда жыл сайын өткөрүлүп туруучу «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу кайрымдуулук акциясы өтүп жатат. Иш-чара 1-октябрь-Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулууда.
«Ардагер» шаардык геронтология борборунун кызматкерлери колго жасалган кийимдер, буюм-тайымдар жана азык-түлүк жарманкесине катышып жатышат. Аталган борбордун психологу Каным Усупбекованын 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, көп жылдан бери аталган иш-чарага активдүү катышып келет.
«Мындагы буюмдардын баарын «Ардагер» шаардык геронтология борборуна эс алган кишилер өздөрү жасашкан. Анда ар кайсы ийримдерге катышкан карыларыбыз бар. Алар кол эмгектерин сатыкка коюп, кем-карчын толуктап алышат. Жыл сайын биздин борбордо шаардык 80 тургун эс алат», -деди Каным Усупбекова.