Чоочун паспорт менен чет жерге чыгууга аракет кылган аял кармалды

11:08, 05 октября 2018, Бишкек - 24.kg

«Манас» аба майданы көзөмөл өткөрмө жайынын чек ара кызматкерлери чоочун паспорт менен Орусияга учуп кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Новосибирск каттамын каттоо маалында бир аял 1978-жылкы У.Д., аттуу жаранга таандык болгон паспортту көрсөткөн. Чек ара кызматкерлери документтерди текшерүү маалында паспорт чет жерге кетип жаткан жаранга таандык эмес экендигин аныкташты.

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган аял кармалып, УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.