Бишкек—Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 4 киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, Өзгөн районундагы жолдо «DAF» үлгүсүндөгү унаа менен «Хендей Портер» унаасы кагышып, 4 киши ар кандай жаракаттарды алган.
Куткаруучулар жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, алар райондук ооруканага жеткирилди.