Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 4 киши жаракат алды

10:43, 05 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек—Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 4 киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Өзгөн районундагы жолдо «DAF» үлгүсүндөгү унаа менен «Хендей Портер» унаасы кагышып, 4 киши ар кандай жаракаттарды алган.

Куткаруучулар жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, алар райондук ооруканага жеткирилди.