06:56
USD 69.33
EUR 79.37
RUB 1.05

Бүгүн III эл аралык Ысык-Көл форуму башталды

Бүгүн III эл аралык Ысык-Көл форуму башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалым болгондой, «Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары» аталышындагы иш-чара Бишкек жана Ысык-Көл облусунда уюштурулуп, 8-октябрга чейин уланат.

Форумдун ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков жана маданият, адабият, кино жаатындагы көрүнүктүү инсандар, чет өлкөдөн чакырылган меймандар катышат.

Иш-чаранын ачылышы алгач Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында башталып, 6-октябрда Ысык-Көлдө уланат.



Эң көп окулган жаңылыктар