18:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Көк-бөрүнүн» режиссеру Руслан Акун: Улак тартканга шайым жок

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Режиссер Руслан Акун

Мекендештеринин күнүмдүк көйгөйлөрүн, жашоосун чагылдыруу менен кыргыз киносунун жаңы демин ачкан жаш режиссер Руслан Акун дагы бир олуттуу жана орчундуу ойлорду ойго салган тасманы элге сунуштады.

Режиссёр бул жолу чыныгы жигиттерге кайрылып, милдет, намыс жана жоопкерчиликти унутпоого чакырат. «Көк-Бөрү» тасмасы 20-сентябрдан баштап Бишкек жана Алма-Ата шаарында көрсөтүлө баштады. Көрөрмандар азырынча тасманынын мыктылыгын гана айтышып, жакшы баа берүүдө.

Руслан Акун 24.kg агенттигине тасма тартуудагы кыйынчылыктар жана кийинки эмгеги тууралуу ой бөлүштү.

— Руслан, эмне үчүн «Көк-Бөрү» оюну боюнча тасма тартып калдыңыз? Эмнеге тыйын эңмей, кыз куумай же дагы башка улуттук оюндардын түрү эмес?

-Көк-Бөрү оюнун тасмага түшүрүүдө, чыныгы эр-жүрөк жигиттердин оюуну — Көк-Бөрүнү даңазалоо максатын көздөдүм. Бул тууралуу тасма тартуу идеясы мурда эле пайда болгон, бирок, чыгармачыл топ ошого даярбы же жокпу деп күтүп жүргөнбүз. Анан «Апамды издеп» деген тасмадан кийин тартсак болот деп чечим кабыл алдык. Башкы улуттук оюндарга караганда бул жерде тайпага бөлүнүп алып ойношот, ортодо талаш-тартыш болот. Мындайча айтканда драма, конфликт бар. Ошондуктан бул тасмага эң сонун сюжет боло алат. Оюндун жардамы менен азыркы көйгөйлөрдү чагылдырып, маанилүү маселелерди көтөрөлү деген максатта тартылган.

— Анүстүнө, көк-бөрүнүн деңгээли көтөрүлүп, көпчүлүктүн кызыгуусун арткан оюнга айланбады. Тасмада массовка көп топтолуптур. Канча киши катышты?

— Ооба, тасмада көп массовка тартылды. Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында жана жанындагы айылдардын тургундарын чогултуп тарттык. Көп күч-аракет жумшалды. Тасма тартуу үчүн баш аягы бир күндө 400-500 кишиге чейин чогултуп аттык.

— Буга чейин тарткан «Салам, Нью-Йорк!» «Апамды издеп» аттуу тасмаларыңыз кеткен чыгымдарды актаптыр. Бул жолу да акталат деп ойлойсузбу?

— «Көк-Бөрү» тасмасын тартууда мамлекеттен акча алган жокпуз. Тескерисинче биз салык төлөйбүз. Албетте, кеткен чыгымдарды актаса деген үмүттөбүз. Анткени, андан келип түшкөн акчаны жаңы тартыла турган тасмаларга коротобуз. Алдыда олуттуу тасмаларды тартууну белсенип турабыз. Буюрса, кыргыздын жаштарын келечекке үндөгөн тасмалар болот.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. "Салам, Нью-Йорк" тасмасын тартуу учурунда

— Акыркы жараткан тасмаларыңызда казактардын белгилүү актёрлору роль жаратышкан. Мында кандайдыр бир саясат барбы?

— «Эмнеге казак актерлорун алдыңар?» деген суроолор көп. Чынын айтсам, бул суроодон тажадым.

Эми жок дегенде тасмада маданиятты саясатка аралаштырбаганга аракет кылыш керек.

Көп кастинг өткөрүп, эмнеге казак актёрун тандадык, анткени анын актерлук чеберчилиги, атка мыкты мингендиги, Казакстанда улак тартып жүргөнү себеп болду. Дагы бир артыкчылыгы жаш жылдыздардын бири.

— Өзүңүз улак тартасызбы? Ат басып калып, тасманы төшөктө жатып тартууга туура келиптир деп айтышууда. Мындан улам, «оюмдагыны толук ишке ашыра албай калдым» деген өксүк барбы?

— Жок, мен улак тартпайм. Анткени, улак тартыш өтө кыйын, чынында катуу даярданыш керек. Шамдагай, денең чымыр болуш керек, менин улак тартканга шайым жок.

Ат басып калган жок, омуртка тушка тепти. 2 күн ооруканага жатып чыктым. Башка кырсык болгон жок, кудай сактасын. «Оюмдагыны толук ишке ашыра албай калдым» деген өксүк болгон жок, анткеникомандам эң мыкты, ар ким өз ишин билет. Биз ойлогондой эле күч аракетибизди жумшап бүтүрдүк.

— Сизди чет өлкөдө жашайт деп угабыз, Кыргызстанга биротоло көчүп келүү планыңызда барбы?

— Ооба, келечекте кайтып келүү планда бар.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Режиссер Руслан Акун жубайы жана кызы менен

— Кийинки тасмаңыз эмне жөнүндө болмокчу?

— Азыр алдыда тартыла турчу тасмага темалар көп. Айрымдары «Апамды издеп» тасмасынын уландысын суранып жатышат. Балким уландысы тартылат. Илгерки басмачылар тууралуу тартсакпы дегенбиз. Мурда тарыхта басмачыларды жаман кылып көрсөтүшкөн. Биз оң каарманыбыз басмачы болсо, элдин эркиндиги үчүн күрөшсө деп жакшы жагынан тартып көрсөтсөкпү дейбиз.

Дагы бир «Евротур» деген аталыштагы тасма тартуу идеябыз бар. Анда карыган ата менен апа чет жерде билим алып жүргөн жалгыз небересинин бүтүрүү аземине бармак болушат. Бирок, атанын жүрөгү ооруп, кан басымы жогорулайт. Ошентип, учак менен учууга болбой калат. «Менин балам жетим беле? Соксоюп жалгыз жүрөбү?!» деп кемпирин ээрчитип алып унаага түшүп Европаны көздөй жөнөйт.

-Өзүңүздү жаңы «кыргыз кереметин» жаратуучулардын катарында деп эсептейсизби?

— Антип эсептебейм. Ал агайлардын деңгээлине, билим-тажрыйбасына жетиш оор.

Эң көп окулган жаңылыктар