Кышка даярдык. Жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү мекемелери текшерилди

17:20, 04 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Комиссия «Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү» ААКнын филиалдарын -жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү мекемелерин күзгү-кышкы мезгилге карата даярдыктарын текшерүүдө. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, комиссиянын текшерүү иши 6-октябрда аяктайт. Жыйынтыгы боюнча мекемелердин күзгү-кышкы мезгилге карата даярдыктары тууралуу акты түзүлүп, кемчиликтер болгон болсо аларды жоюу боюнча иш-чаралар иштелип чыгат.
 
Учурда 101,8 чакырымды түзгөн 110 кВ аба линияларында капиталдык ремонт аяктады.