22:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

УКМК: Эл аралык маңзат каналынын жолу буулду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ооган маңзатын КМШ өлкөлөрүнө Кыргызстан аймагы аркылуу жөнөтүп турган каналдын жолу буулганын билдирди.

Маалыматтарга караганда, маңзат каналдын уюштуруучусу 12,8 килограмм ооган чарсын алып бараткан маалда кармалган. Ал Б.А. аттуу чет өлкөлүк жаран болгон. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

25-сентябрда өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн. Өз сөзүндө ал Кыргыстан маңзат трафигинин кесилишинде турарын айткан.

«Эл аралык коомчулук бул терс көрүнүштөр, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, адамдарды жана курал-жарактарды сатуу, арам жол менен табылган акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо сыяктуу көрүнүштөргө каршы биргелешкен күч-аракеттер менен активдүүрөөк күрөшүүсү зарыл. Бул наркотрафиктин огунда жайгашкан биздин өлкө үчүн өтө маанилүү. Тилекке каршы, бул жаатта эл аралык коомчулук көрүп жаткан чаралар жетишсиз бойдон калууда», — деген ал.

Эң көп окулган жаңылыктар