21:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москва шаарында кыргызстандык 2 жаран каза болду

Москва шаарында кыргызстандык 2 жаран каза болду. Бул тууралуу социалдык түйүндүн колдонуучусу Улан Кошматов жазып чыкты.

Айтымында, Жалал-Абад облусуна караштуу Кош-Дөбө айылынын 1963-жылы туулган тургуну Москвада иштеп жаткан. Ал жүрөк оорусунан улам каза болду. Аталган облуска караштуу Жаңы-Дыйкан айылынын 1977-жылы туулган тургуну дагы Москвада эмгектенип жүргөн. Ал баш оорусу кармап, ооруканада каза тапты.

Маркумдардын сөөгү бүгүн Москва — Ош каттамы боюнча жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар