6-октябрда Бишкекте салт болуп калган күзгү айыл-чарба жарманкеси өтөт

16:29, 03 октября 2018, Бишкек - 24.kg

6-октябрда Бишкекте салт болуп калган күзгү айыл-чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарманке шаардын 3 районунда өтөт.

  • Свердлов районунда —Т.Айтматов жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде
  • Ленин районунда — Айни жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Октябр районунда —Н.Жетикашкаева көчөсүндө

Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү өтүп турат.