07:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүй облусунда 14 жаштагы Алмазбек уулу Тилектеш изделүүдө

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Алмазбек уулу Тилектеш изделүүдө. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 1-октябрда Лебединовка айылында болгон. Анын өзгөчө белгилери:бою 160-170 сантиметр, чачтары кара түстө, кыска, көзү кара, кырдач мурун. Боз-кара түстөгү толстовка, сары футболка жана жашыл спорттук шым кийип жүргөн. Бутунда кара шлепка бар.

Жогоруда изделип жаткан бала тууралуу маалыматы бар тургундар төмөнкү даректерге кайрылса болот: 0312363527, 0550510905, 0704312505, 0552909163 же 102.

Эң көп окулган жаңылыктар