Айдоочу Азиз Суракматовго жөө адамдар өтүүчу өткөлдөн жол бербей койду

10:17, 03 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте унаанын айдоочусу мэр Азиз Суракматовго жөө адамдар өтүүчу өткөлдөн жол бербей койду. Окуяга 24.kg агенттигинин кабарчысы күбө болду.

Бүгүн мэр өзүнүн жардамчылары менен шаарды жөө кыдырып планерка өтүп жүргөн. Ч.Айтматов атындагы орус драма театрынын аймагынан шаар жетекчилиги жолдун аркы өйүзүнө өтүүгө аракет кылганда, «Ниссан Тиана» үлгүсүндөгү унаа аларга жол бербей кыймылын андан ары уланткан.