Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү таза суу берилбейт

10:07, 03 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым райондорунда эртең саат 9дан кечки 5ке чейин ичүүчү таза суу берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу таза суу төмөнкү даректерде берилбейт:

Фучик, Фрунзе жана Манас көчөлөрү менен чектеш райондордо, № 31, 13, 8, 2 мектептерде, № 3, 8, 22, 72, 73, 164, 165, 167 бала бакчаларда, № 2 төрөт үйүндө, № 1 шаардык клиникалык ооруканада.