Ырчы Гүлжигит Калыков Ашхабад шаарындагы эл аралык сынакка катышууда.

17:26, 02 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Ырчы Гүлжигит Калыков Ашхабад шаарындагы эл аралык сынакка катышууда. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

Анын айтымында, фестивалда 22 өлкөнүн таланттары күч сынашууда.

Фото Гүлжигит Калыковдун инстаграм баракчасынан алынды. Ашхабад

Белгилей кетсек, Гүлжигит Калыков 2012-жылы «Евразия жылдызы» сынагын жеңип алган.