Токиодо кыргыз дизайнеринин көргөзмөсү өттү

15:30, 02 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Токио шаарында кыргызстандык дизайнер Миррахим Токтогуловдун кийимдеринин көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу маалыматты ал 24.kg агенттигине ырастады.

Миррахим Токтогуловдун айтымында, Японияда SHERDEN мода үйүнүн «Жаз жана жай 2019» мезгилине арналган «ТЭҢ» коллекциясы көрсөтүлдү.

«Кийимдерибиздин стили жана философиялык идеясы жапон туугандарга жакканын алардын жылуу пикирлеринен байкадык», — дейт ал.