Кадамжайда бычактан жаракат алган кишинин жансыз денеси табылды

15:21, 02 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда бычактан жаракат алган кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция шектүүнү кармады. Ал Миң-Чынар айылынын 34 жаштагы тургуну болуп чыкты.

««Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Маркумдун сөөгү өзүнүн унаасынан табылды. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди», -деп жазылат маалыматта.