14:08, 02 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары күзгү каникулда 8 күн эс ала тургандыгын билдирди.
Министрликтен маалымдашкандай, эс алуу 5-ноябрдан тартып 12-ноябрга чейин уланат.
Жаңы окуу жылынын планы боюнча окуучулар күзүндө 8 күн, кышкысын 12 күн, жазында 10 күн эс алышат.