Тажикстан президентинин башка бир жарлыгы менен Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун башчылыгына Ага Хан фондунун Тажикстандагы өкүлчүлүгүн жетекчиси Ёдгор Файзов дайындалды. Ал 2012-жылдагы Хоргог окуясында өкмөт менен мурдагы талаа командиринин ортосунда арачылык кылган.
Президент 15-сентябрда аталган аймакта жыйын өткөрүп, кылмышкерлердин чакан тобуна каршы жергиликтүү бийликтин туруштук бере албай жатканына нааразы болгон.Өлкө башчынын сынынан кийин аймактагы күч түзүм жетекчилери алмашкан.
18-сентябрда облус жетекчисинин жаңы орун басарлары дайындалган.