«Кыргыз темир жолу» ишканасына жаңы директор дайындалды

09:17, 02 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Канатбек Абдыкеримов Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске салсак, буга чейин аталган ишкананын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулган болчу.