Сапар Исаков 5-декабрга чейин камакта калтырылды
08:33, 02 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Биринчи Май райондук соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап чыгып, аны камакта калтыруу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узартты.
Сапар Исаковду колдоп соттун имаратынын алдына 60тай киши чогулду.
Эске салсак, экс-премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча жемкорлук айыбы менен камалган.