Кийинки жылдан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт

16:48, 01 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Каттоо кызматы 2019-жылдын экинчи жарымынан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берип баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк жогорку сапаттагы пластиктен жасалган. Айдоочу тууралуу маалымат лазер менен жазылып, аны кайра оңдоого мүмкүн болбойт. Колдонуу мөөнөтү 10 жылга пландалууда.

Мындан сырткары унааларга пластик карт сыяктуу жаңы техникалык паспорттор жүгүртүүгө чыгарылат.