Бишкекте унаанын айдоочусу 17 жаштагы студент кызды сүзүп кетти

16:21, 01 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Ауди А6 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 17 жаштагы студент кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн саат 11:45те болгон.

«17 жаштагы студент Чыңгыз Айтматов атындагы проспектисинде жолдун аркы өйүзүнө өтүп бара жатканда унаа койдуруп кеткен. Учурда жабырлануучу ооруканада, ал эми унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилди», -деп жазылат маалыматта.