Сооронбай Жээнбеков «Эрдик» медалын Улан Эгизбаевдин ата-энесине тапшырды

15:04, 01 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков журналист Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси менен жолукту. Бул тууралуу Токтосун Шамбетов өзүнүн интернет баракчасы аркылуу билдирди.

Өлкө башчысы Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине «Эрдик» медалын тапшырды.

Фото

Эске салсак, «Азаттык» радиосунун журналисти жайында Ысык-Көлдө эс алуу учурунда сууга чөгүп кеткен. Улан Эгизбаев мыкты иликтөөчү журналист катары белгилүү. Ал акыркы жолу Бишкектеги көрүстөндөгү жемкорлуктун бетин ачыа чыккан.