12:22, 01 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Ош шаардык мэриясы батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, мэрия тарабынан 2017-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген 66 жаранга «Анар» кичи районунан батир бөлүнүп берилгени аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 8 тургундун «кыймылсыз мүлкү жок» деген жалган документ толтурганы, 31 киши батир алганга чейин Жалал-Абад, Ош облустарынын бир канча райондорунда жана Бишкек шаарында жашагандыктары такталды.
Мындан тышкары 9 киши 3-топтогу майып деген кагаз менен батирди мыйзамсыз алганы ачыкталды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.