Бишкектиктер арыктын тегерегинде калып калган таштандыга нааразы

11:35, 01 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин 7-кичи районундагы № 5 үйдүн тегерегиндеги арыкта оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок, арыктын четинде курулуш таштандылары калып калган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.
 

«Жайында арыктар алмаштырылган. Ал эми эски калдыктары, бактын тамырлары жана асфальттын кесимдери тазаланбай, жерде калып калган», -деп жазылат маалыматта.