Айдоочу тартип сакчысын унаасы менен сүзүп салды

10:50, 01 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Mercedes-Benz жүк ташуучу унаанын айдоочусу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган башкармалыктан билдиришти.
 

«Инспектор Чүй проспектиси жана Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде жүк ташуучу унааны токтоткон. Бирок, айдоочу баш ийбей тартип сакчысын сүзүп кеткен. Учурда жабырлануучу ооруканада, ал эми айдоочу кармалды», -деп жазылат маалыматта.