24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Умра (кичиажылык) качан жана кандай аткарылат?
Жооп: Умра жылдын каалаган убагында аткарса болот. Ал ажылыктан ибадаттардын аздыгы менен айрымаланат, Ханафийлик жана Маликий масхабтарында умра сүннөт болуп эсептелсе, Шаафий жана Ханбалий масхабтарында парз болуп саналат. Хадистердин биринде «ажылык парз — умра ыктыярдуу амал» (Ибн Маджа) деп айтылат.