Ош шаарындагы аба майданда учактын шинасы жарылып кетти

09:39, 01 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы аба майданда учактын шинасы жарылып кетти. Бул тууралуу маалыматты «Манас» эл аралык аба майданынан тастыкташты.

Avia Traffic компаниясынын учагы кечээ Ош-Москва багыты боюнча учмак.

«Каттам бир азга жылдырылды. Жүргүнчүлөрдүн баары башка учак менен учуп кетишти. Учурда аталган факт боюнча текшерүү жүрүп жатат», —деп билдиришти аба майдандан.