Ош шаарындагы аба майданда учактын шинасы жарылып кетти. Бул тууралуу маалыматты «Манас» эл аралык аба майданынан тастыкташты.
Avia Traffic компаниясынын учагы кечээ Ош-Москва багыты боюнча учмак.
«Каттам бир азга жылдырылды. Жүргүнчүлөрдүн баары башка учак менен учуп кетишти. Учурда аталган факт боюнча текшерүү жүрүп жатат», —деп билдиришти аба майдандан.