Укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2014-жылдан бери Орусия Сириянын президенти Башар Асадга көзөмөлүндөгү аймактарды эки эсеге кеңейтүүгө жардам берди.
Өз кезегинде Москва үч жыл ичинде Сириядагы операцияларда 85 миң террорчу жок кылынганын билдирүүдө.
Расмий маалыматтар боюнча бул мезгил ичинде 112 орус аскери мерт болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги 8 учагын, 7 тик учагын, ошондой эле жердеги дагы бир техникасын жоготконун мойнуна алган.
Буга чейин америкалык чиновниктер АКШ башында турган Коалициянын «Ислам мамлекетине» каршы операцияларынан 1100дөн ашык жай тургун каза болгонун билдиришкен. Бирок укук коргоочулар бул сандар алты эсе көп деп эсептешүүдө.
Орусия расмий түрдө Сириядагы жаңжалга үч жыл мурда, 2015-жылдын 30-сентябрында катыша баштаган. Москва мындай кадамга Дамаск терроризмге каршы күрөштө жардам сурагандыктан улам барганын билдирген. Бирок Сириянын оппозициясы менен батыш өлкөлөрү Кремлдин чыныгы максаты Асадга каршылык көрсөтүп жаткан тарапты басып, анын өкмөтүн сактап калуу экенин билдиришкен.