«БТА Банк» ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кармалды

18:00, 28 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

ИИМ «БТА Банк» ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскуловду кармады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эльнура Алканова билдирди.
 
Айтымында, Темир Рыскулов буга чейин качып кеткен президенттин баласы Максим Бакиевге таандык «Идеал Хаус» коттедждер шаарчасынын жоголушу тууралуу факты боюнча кылмыш ишинин курамында болгон.
 
Эске салсак, Эльнура Алканова Максим Бакиевдин коттедждери кимге калганын аныктоо үчүн журналисттик иликтөө жүргүзгөн. Журналисттин пикиринде, Темир Рыскулов — коттедждерди сатып алган кардар.