Маалыматтарга караганда, шектүү каршылык көрсөтүп же качууга аракет жасаган эмес. Буга чейин жергиликтүү басылмалар журналист кызганычтын курмандыгы болгонун жазышкан.
Журналисттин өлүмүнө анын жарандык күйөөсү, 34 жаштагы Астана шаарынын жашоочусу Анатолий Гусейнов айыпталууда. Полициянын версиясы боюнча окуя болгон күнү түгөйлөрдүн ортосунда жаңжал чыккан. Андан соң эс-учун жоготкон аялды күбөлөр подъезден табышып, «тез жардам» чакырышкан.
Шектүү убактылуу тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери башталды.