Сузак районунда турак үйдөн өрт чыкты

15:54, 28 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ладан-Кара айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айылдагы турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 2 бөлүм тартылган.

Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын себеби аныкталууда.