15:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ферганада 14 жаштагы кызын сойкулук кылууга мажбурлаган аял соттолду

Фергана облустук акимчилигинен билдиришкендей, бул кылмышка күнөөлүү адамдардын бардыгы татыктуу жазаларын алышты.

«Бул ишти караган Бешарык райондук соту кызын сойкулук кылууга мажбурлаган 39 жаштагы Феруза Давронованы он жарым жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары «Чорбогтуронил» айылынын тургундары Шерзод Балибеков, Жасур Эргашев жана Эргашали Сулаймоновдор кызды зордуктоого күнөөлүү деп табылып, 12 жылга соттолушту», — деп билдирди облус башчысынын орун басары Сайёра Алимова.

Анын айтымында, зордуктоонун курмандыгы болгон 7-класстын окуучусу психологдун жардамын алгандан кийин Кокон шаарындагы атайын мектеп-интернатка которулду.

Райондук соттун өкүлү өкүм күчүнө кирип, соттолгондор абактарга жөнөтүлгөнүн билдирди.

Быйыл 18-августта Бешарык районунда акушер-гинеколог жергиликтүү аткаминерлердин буйругу менен беш айлык боюнда бар 7-класстын окуучусуна аборт жасаганы белгилүү болгон. Андан кийин район акимчилиги кыздын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтө баштаганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар