02:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эмине Эрдогандын унаа тыгында калышы. Бир катар тартип сакчылары жоопко тартылды

ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан ИИБнын жетекчилерине жана тартип сакчыларына карата кызматтык иликтөө жүрүп, бир катар кызматкерлерге карата дисциплинардык жаза берилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Ысык-Көл ОИИБнын айрым кызматкерлери өз милдеттерин толугу менен аткарбагандыгы аныкталган. Ошондой эле эл аралык маанидеги иш-чарада коюлган тапшырманы толугу менен аткарбай, Кырчын жайлоосунда расмий делегациянын кортежине тоскоолдуксуз өтүүгө шар түзүп беришкен эмес.

ИИМдин башчысынын буйругу менен бир канча жетекчи жана кызматкерлер жоопко тартылышты.

-ИИМдин Жол көзөмөлдөө кызматы башкармалыгынын башчысынын орун басары ээлеген кызмат ордунан алынды.

-Ысык-Көл ОИИБнын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары ээлеген кызмат ордунан алынды.

-ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысына катуу сөгүш берилди.

— Ысык-Көл ОИИБнын башчысына эскертүү берилди.

Буга чейин Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Кырчында унаа жолдо кезек күтүп калгандыгы жарыяланган.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума