Кытайга канча эшек сатылды? Өкмөттүн мындай маалыматтан кабары жок

12:24, 28 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков КСДП фракциясынын отурумунда Кыргызстандын Кытайга эмне экспорттоп жаткандыгына кызыкты.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун айтымында, негизинен кен экспорттолууда.

«Кытайга канча эшек саттыңар?» — деп сурады депутат. Өкмөттүн мындай маалыматтан кабары жок.

«17 миң эшек сатылган. Мына өсүш кайда. Сиз болсо кайдагы кен тууралуу айтысыз. Биз казы-карталарды четке чыгарып, өзүбүз тооктун санын жеп атабыз», — деди Рыскелди Момбеков.