Депутат: Бирөөнүн эсебинен жашаган, моюнга минген кадрлардан арылышыбыз керек

11:27, 28 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДП фракциясынын отурумунда өкмөттөн кадрларды тазалоону талап кылды.

Айтымында, көп кызматкерлердин деңгээли төмөндөп кетти. «Алар кимдир-бирөөлөрдүн таанышы, туугандары. Бизге чет элдик адистер керек. Бирөөнүн эсебинен жашаган, моюнга мингендерден арылышыбыз керек. Кимдир-бирөөлөрдүн өкүл ата, балдарын жаап-жашырганды токтоткула», — деп депутат вице-премьер-министр Замирбек Аскаровго кайрылды.

Ирина Карамушкина кошумчалагандай, президент аймактарды өнүктүрөм дегенине карабай, мындай кадрлар менен эч нерсеге жетише албайт.