Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу тууралуу маселе каралат

10:34, 28 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары (КСДП фракциясынын депутаттары) Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу тууралуу маселеге кайра кайтып келишти. Аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов бул маселени күн тартибине киргизди.

Айтымында, өткөн отурумда фракция бул маселени караган эмес. Бүгүн депутаттар кесиптешинин тагдырын чечүү ниетинде.

Кожобек Рыспаевдин пикиринде, өз ыктыяры менен арыз жазып гана фракциядан чыга алат.