Ысык-Көлдө витаминдерге байытылбаган 3,5 тонна унду сатууга тыюу салышты

10:22, 28 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө витаминдерге байытылбаган 3,5 тонна унду сатууга тыюу салышты. Бул тууралуу Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкери Гүлүшкан Тайлакова билдирди.

Айтымында, аталган облустун аймагында жыл башынан бери товарлардын сапатын текшерүү иштери жүрүп жатат.

«Учурда облус боюнча 9 тегирмен иштейт. Алардын болгону 6оо гана байытылган ун чыгарат. Биздин өлкөдө гана байытылган ун тууралуу мыйзам бар. Коңшу мамлекеттерде мындай мыйзам болбогондуктан, витаминдерге байытылбаган унду ташып алып келишүүдө», -деди Гүлүшкан Тайлакова.